Өлкөдө кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү мүмкүн
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Ал президенттик шайлоону мындан ары январдын аягында өткөрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Азыркы мыйзамга ылайык, добуш берүү октябрдын үчүнчү жекшембисинде өтүп келет. Бирок сунуш кабыл алынса кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылы январдын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлмөкчү.
Жыйынтыгында комитеттин депутаттары мыйзам долбоорун дароо үч окуудан колдоп беришти.