Принц Карим Ага Хан дүйнөдөн кайтты
Принц Карим Аль-Хусайни Ага Хан IV дүйнөдөн кайтты, деп билдирет Diwan of the Ismaili Amamat.
Шиит исмаилиттеринин руханий лидери жана Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын негиздөөчүсү Лиссабондо (Португалия) 88 жашында көз жумду.
Diwan of the Ismaili Amamat маалымдагандай, кийинки руханий лидер буга чейин дайындалган.
“Анын аты Ага Хандын керээзи окулгандан кийин жакынкы күндөрү жарыяланат”, – деп айтылат билдирүүдө.