Улуттук банк валюта базарына 62 миллион 400 миң доллар сатты

Улуттук банк 5-ноябрда валюта базарына 62 миллион 400 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери 21 ирет интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 80 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 86 сом 20 тыйындан сатып алынып, 86 сом 55 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

10:12, 06-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар