Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчиси кызматынан бошотулду

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов ээлеген кызматынан бошотулду.

Азамат Исраилов Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп 2019-жылы мартта дайындалган. Ал ИИМдин академиясынын юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн.

Кызматтык ишин 1999-жылы Ысык-Көл облусунда баштаган. Буга чейин МАИ кызматкерлеринин бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

10:22, 29-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар