Санариптик өнүктүрүү министрлигине жаңы министр дайындалды

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызматынан бошотулду. Бул  тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Кутнаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынган.

Ал эми министр кызматына Азамат Жамангулов дайындалды.

Нурия Кутнаева Санариптик өнүктүрүү министри кызматында 2023-жылдан бери иштеп келе жаткан.

12:17, 29-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар