Нарын: аялына кирип келип бычак сайган киши кармалды
Нарын: аялына кирип келип бычак сайган киши камалды.
Нарында аялын бычак менен сайып жиберди деп шектелип кармалган 42 жаштагы жаран Нарын шаардык сотунун 1-сентябрдагы чечими менен убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынды
Буга чейин милиция билдиргендей, шектүү 31-августта Нарын шаарындагы Он-Арча базарындагы ашканада ашпозчу болуп иштеген 41 жаштагы жубайын ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн маки (бүктөмө бычак) менен сайып жиберген. Ошол күнү аны укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкен.
Жабырлануучу аял Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.