Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына арналган иш чара уюштурулду
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Дагестан эл жазуучусу Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына арналган иш чара уюштурулду. Ага Маданият министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, коомдук ишмер Алманбет Матубраимов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баш болгон бир катар атка минерлер, адабият сүйүүчүлөрү катышты.
Иш чарада Расул Гамзатовдун чыгарамалары көркөм окулуп, Дагестан элинин маданиятын камтыган концерттик программа менен коштолду.
Ошондой эле, архивдик документтер көргөзмөгө коюлду.