Таласта тургун айылдашын ок атуучу курал менен атып салган

Таласта тургун айылдашын ок атуучу курал менен атып салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 23-ноябрга караган түнү Көпүрө-Базар айылында болгон. Эки айылдаш спирт ичимдигин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам чырдаша кеткен. Ошол учурда бири экинчисин үйүндөгү ок атуучу курал менен бир жолу атып салган. Натыйжада 42 жаштагы С.Д. аттуу жаран оор жараат алып, ооруканага түшкөн.

Бул кылмышка шектүү катары ок жеген жарандын айылдашы – 43 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, учурда бул иш боюнча тергөө дээрлик аяктап калды. Жакынкы күндөрү иш сотко өткөрүлөт.

15:08, 26-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар