Чүйдүн Москва районунда автоээнбаштык жасаган айдоочу кармалды
Чүйдүн Москва районунда автоээнбаштык жасаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек — Ош унаа жолунда “Мерседес Бенц” унаасынын айдоочусу автоээнбаштык кылганы тартылган видео тараган.
Жол тескөөчүлөрү видеодогу айдоочуну издеп таап, жалпы 21,5 миң сом айыппул салган. Ошондой эле анын унаасы айып короого коюлган.