Бишкектин 109 мектебине жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулду
Бишкектин 109 мектебине жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Азамат Токтоналиев билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк мектептерде камералар иштеп жатат, калгандары жакында ишке кирет.
"Эгерде окуу жайга террористтер, мурда соттолгондор же мектепке тиешеси жок адамдар кирсе, анда камералардын жардамы менен маалымат бизге автоматтык түрдө келип турат", — деди Токтоналиев.
Ал Бишкек шаарында 109 мектеп бар экенин, административдик-аймактык реформадан кийин дагы 18 мектеп кошулганын, аларды камера менен жабдууга 19,2 миллион сом керек экенин кошумчалады.