Былтыр өлкөдө 228 млрд 277,1 млн сом салык жана төлөм жыйналды

Салык кызматы былтыр мамлекеттик бюджетке 228 млрд 277,1 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту.

Мекме билдиргендей, белгиленген план 4 млрд 368 млн сомго ашыгы менен аткарылды (аткаруу 102%). 2023-жылга караганда ал 43 млрд 260,6 млн сомго көп.

Ошондой эле Салык кызматы 74 млрд 82,7 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнаган. План 5 млрд 22,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Мурдагы жылга караганда ал 9 млрд 695,3 млн сомго көп.

Жыйынтыгында мекеме салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошкондо 302 млрд 359,8 млн сом чогулткан. Белгилей кетсек, Салык кызматы чогулткан камсыздандыруу төгүмдөрү Социалдык фондго түшөт.

10:25, 11-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар