Мейманканада каракталган 50 миң доолар. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте 50 миң доллар карактоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 9-январга караган түнү Огонбаев көчөсүндөгү мейманкананын номерлеринин бирине белгисиз адамдар кирип келип, Д.И. аттуу жаранды бычак менен коркутуп, 50 миң долларын жана 13 миң сомдук телефонун алып кеткен. Алар Хонда Фит унаасы менен изин жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча каракчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Б.Н., 25 жаштагы М.А. жана 20 жаштагы Ж.К. аттуу жарандар кармалган.

17:38, 10-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар