Токмокко жакын жерде болгон автокырсыктан жети киши мүрт кетти

1-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында Токмокко жакын жерде болгон автокырсыктан жети адам каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Subaru Outback, Mercedes-Benz, Toyota Camry, Toyota Voxy жана Mercedes-Benz Sprinter - жалпы беш автоунаа сүзүшкөн.

Кырсыкка катуу бараткан Subaru Outback машинасынын дөңгөлөгү жарылып кеткени себеп болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал батыштан чыгышты көздөй бара жатып алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып автоунаа каршы тилкеге чыгып, Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын сүзгөн.

Ушул тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жолдо жүрүүдө ылдамдыкты ашырбай айдап, машинанын техникалык абалына көңүл буруп, жол эрежелерин так сактоого чакырды.

Расмий маалыматка караганда, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жаракат алган.

 

14:00, 02-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар