Нарында кампалар жана жерлер мамлекетке кайтарылды
Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорундагы жеке менчикке берилип кеткен кыймылсыз мүлктөр жана жерлер мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан мурда мамлекеттин менчигинде болгон дан азыктарды сактоочу кампалар жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Натыйжада, баасы 100 миллион 750 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлк жана ага тиешелүү 5 гектар 5 сотых жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Ошондой эле, Жумгал районунун прокуратурасы жеке менчикке өтүп кеткен баасы 5 млн сомду түзгөн 23 сотых жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарган.