Түштүк Кореяда "Семетей" музыкалык спектакли коюлат
Түштүк Кореяда 26-27-октябрда күндөрү "Семетей" музыкалык спектакли коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Бул спектаклды Кыргызстандын жана Кореянын чыгармачылык топтору биргеликте даярдаган.
Кыргызстандан барган чыгармачыл топ:
— Уланмырза Карыпбаев — "Манас" музыкалык спектаклинин биргелешкен режиссеру;
— Айнур Бердикулова, Эрлан Касаболотов, Саламат Жумадилов, Ассоль Рыскулова, Ислам Жумадилов — Кыргыз улуттук «Манас» театрынын Ураан ансамблинин мүчөлөрү;
— Нурбек Эсенгазы — Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актеру;
— Өмүрбек Израилов — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру;
— Айнура Качкынбек кызы — кино жана театр актеру;
— Максатбек Байзаков — М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актеру;
— Бегайым Асанакунова — Ж. Сейдакматова атындагы Тунгуч жаштар театрынын актеру.