Депутат Эмил Жамгырчиев акыркы окуялар тууралуу Парламентте маалымат берет

Депутат Эмиль Жамгырчиев ак үйдөн эмнеге качканын жана ага коюлуп жаткан айыптар боюнча парламенттин жыйынында маалымат берет

Бул тууралуу ал  "Азаттыкка” билдирген.  Анда депутат эмне себептен качып кеткенин жана 12-январда УКМКга сурак берүү үчүн келгенге чейин кайда болгонун түшүндүрөрүн белгилеген. Ал эми "Салимбай байбача" деген каймана ат менен белгилүү Салим Абдувалиевдин каты боюнча Эмил Жамгырчиев маалыматы жок экенин билдирди.

“Атайын комиссиянын жыйынында мен билгендердин баарын айттым. Бул кылмыш иши дээрлик бир жылдан бери созулуп келатат. Мен катты көргөн жокмун жана ал эмне жөнүндө экенин билбейм. Бирок 17-январда Жогорку Кеңештин сессиясында мен дагы эмне болуп жатканын сурайм. Ошондо толук маалымат ала аласыздар”, деп түшүндүргөн депутат.

Булак: Азаттык

10:48, 15-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар