Минкаб курулуш рыногун турукташтыруу үчүн цементти ташып келүүгө убактылуу тыюуну алып салды

Министрлер кабинети курулуш рыногун турукташтыруу үчүн цементти ташып келүүгө убактылуу тыюуну алып салды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

2025-жылдын 31-мартындагы № 169 “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилди. Жаңы шарттарга ылайык, 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылат. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Чектөөлөрдү алып салуу бааны турукташтырууга жана курулуш материалдары рыногунда тартыштыкты алдын алууга багытталган. Өкмөт бул чечим курулуш тармагындагы өсүштүн жогорку темптерин сактоого, курулуш объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга жана жеткирүүчүлөрдүн арасында атаандаштыкты жайылтууга мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

Курулуш тармагын өнүктүрүү мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Буга байланыштуу министрлер кабинети тармактагы туруктуу өсүштү стимулдаштыруу боюнча чараларды көрүүнү улантууда.

 

10:29, 12-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар