Эмгек министрлиги 573 кыргызстандыктын 40 млн 330 миң рубль айлык акысына алууга көмөк көрсөттү

Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Россияда иштеген 573 кыргызстандык жаранга эмгек акыларын алууга жардам берди. Бул тууралаа аталган министрликтен билдиришти.

Аталган өкүлчүлүк 573 кыргызстандыкка төлөнбөй жүргөн жалпы 40 млн 330 миң рубль айлык акысын алууга көмөк көрсөткөн.

Ошондой эле өкүлчүлүк жумуш учурунда жаракат алган 9 кыргыз жаранына 5 млн рубль кенемте алууга жардамдашкан.

15:31, 13-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар