“Дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн”. Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

 

Бишкекте жаштар, чоңдор арасында бильярддын эркин жана динамикалык пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ага ылайык, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында "Эркин пирамида" түрү боюнча мелдештер уюштурулат. Ал эми чоңдор арасында "Аралаш пирамида" түрү боюнча мелдештер 27-февраль күнү башталып, 2-мартка чейин уланат.

Жалпысынан иш-чарага дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышат. Оюн "Газпром-балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

09:32, 19-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар