Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрттү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Шакиев аты-жөнүн Нурланбек Тургунбек уулу деп өзгөртүп, тиешелүү документтерин алган.

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртөрү тууралуу былтыр декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген

17:35, 13-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар