“Биз бирге көптөгөн чокуну багындырабыз!” "Евразия. Кыргызстан" ыктыярчыларынын жыйыны өттү. (Сүрөт)
“Биз бирге көптөгөн чокуну багындырабыз!” "Евразия. Кыргызстан" ыктыярчыларынын жыйыны өттү
Бишкекте "Евразия. Кыргызстан" ыктыярчыларынын жыйыны болуп өттү. Иш-чарага 30дан ашык активист, жогорку окуу жайлардын, колледждердин өкүлдөрү жана ыктыярчы клубдардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын максаты – пикир алмашуу, ыктыярчылыктын мыкты тажрыйбаларын жайылтуу жана жаштарды ыктыярчылыкка шыктандыруу үчүн диалогдук аянтча түзүү болду.
"Евразия. Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Кымбат Урумкулова өзүнүн сөзүндө ыктыярчылыктын коомдун өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгиледи. Ал жаштарды социалдык долбоорлорго тартуу жана алар үчүн активдүү катышууга шарттарды түзүү маанилүү экенин баса белгиледи.
"Мындай жолугушуулар Кыргызстандагы ыктыярчылык кыймылын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат жана активисттердин жаңы демилгелерге даяр, коомдогу жашоону жакшыртуу үчүн биргелешип иштөөгө багытталган бекем командасын түзүүгө өбөлгө түзөт. Бирге биз каалаган чокуну багындырабыз", - деди Кымбат Урумкулова.
Жыйындын программасына мастер-класстар, топтук иштер жана интеллектуалдык оюндар кирген, бул катышуучулардын билим алып, биримдикти күчөтүүсүнө өбөлгө түздү.
Эскерте кетсек, сентябрь айынын башында "Евразия" Автономдук Коммерциялык Эмес Уюму (АНО) менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол койгон. Бул макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасы салттуу баалуулуктар платформасына кошулган.
"Евразия" АНО — этностор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашыруучу автономдуу коммерциялык эмес уюм. Уюмдун негизги максаттарынын бири – мектеп окуучулары, студенттер жана жаш адистер үчүн билим берүү жана кесиптик демилгелерди колдоо. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун катарында билим берүү программалары, эл аралык алмашуулар, алдыңкы мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкалар, ошондой эле медиамектеп бар.