Айсулуу Тыныбекова жаңы кызматка шайланды

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын Аялдар күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти.

Тыныбекова белгилегендей, ал вице-президент кызматына аялдар күрөшүн өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн келип жатат.

Ошондой эле ал азырынча спорттук карьерасын жыйынтыктабай турганын, белгилүү бир убактан кийин аны улантарын билдирген.

Аялдар күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти кызматын 2014-жылдан бери Динара Исаева ээлеп келген.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова — Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ошондой эле ал 6 ирет Азия чемпиону болгон. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси. Ал — Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу.

09:31, 22-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар