Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттыкка талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу боюнча суроо УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусунун негизинде каралып жатканын билдирди.

УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов белгилегендей, Султанбай Айжигитовго 2018-жылы "Бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот аны күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү эскиргендиктен жазадан бошоткон. Бирок Айжигитов депутаттыкка талапкерлигин койгондо соттолгондугу жөнүндө маалыматты бербей койгон.

БШКнын 11 мүчөсү Айжигитовдун мандатын алууга "макул" болсо, бирөө каршы чыкты. БШК төрагасы жыйынга катышкан Айжигитовго чечимге макул болбосо сотко даттанса болорун айтты.

Эске салсак, Султанбай Айжигитов 5-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча келишимге байланыштуу пикирин айтып, андан кийин "Ыйман Нуру" фракциясынан чыгарылган.

Кийин парламенттин 19-марттагы жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Айжигитов мурда соттолуп, бул боюнча БШКга маалымат бербегени билингенин айткан. Ал документтер БШКга жөнөтүлгөнүн билдирген.

16:20, 28-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар