Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан 4 адам көз жумду

Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан 4 адам көз жумду.

18-октябрга караган түнү саат 2-3 аралыгында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну өзүнүн Мерседес-Бенц-211 үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршы багытта келе жаткан  "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү сүзүп, кырсык катталган.

“Хонда-Степвагон” унаасында Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.А.аттуу тургунуну болгон. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилди.

11:36, 18-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар