Дубайда кыргызстандык жаран дайынсыз жоголду. (Сүрөт)
Дубайда кыргызстандык жаран дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу дайынсыз болуп жаткан жаранды издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен ыйгарым укуктуу органдарына кайрылган.
Анда дайынсыз жоголгон кыргызстандык Азиза Базакова учуп кетүүнү пландап, бирок БАЭден кеткен эмес.
Кыргызстандын Дубайдагы Башкы консулдугу анын иммиграциялык көзөмөлдөн өтпөгөнүн тастыктады. Издөө иштерине Кыргызстандын БАЭдеги элчилиги жана Дубайдагы консулдуктар катышууда.
Учурда дайынсыз болуп жаткан Азиза Базакованы издөө иштери уланууда. Дубай шаарынын ыйгарым укуктуу органдары дайынсыз болуп жаткан Азиза Базакованын туугандары менен байланышта турат.