Париж-2024: Акжол Махмудов коло медал утту

Париж Олимпиадасында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов коло медал утту. Ал 7-августта грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди.

Акжол Махмудов эки жолку Олимп оюндарында медал утту. Ал өткөн Токио Олимпиадасында финалга чыгып, күмүш медал алган эле.

Буга чейин мындай ийгиликке балбан Мээрим Жуманазарова жеткен. Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Токио Олимпиадасында коло байге алса, Парижде финалга чыгып, күмүш медал тагынды.

Махмудов коло медал үчүн күрөшкөн атаандашы Сулейманов менен бир жыл мурда Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатынын финалында беттешип, жеңип алган (1:1).

Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. 6-августта 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло байгеге ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ошентип 7-августта көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп , Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашка чыкты.

25 жаштагы Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021), Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016, 2017).

 

12:51, 08-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар