Төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстанга иш сапары менен жөнөп кетти

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстанга иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияга катышат. Ошондой эле бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Кыргызстандын делегациясынын курамында депутаттар Динара Ашимова, Жумабек Салымбеков жана Элдар Сулайманов бар.

16:23, 10-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар