Кыргызстанда расмий түрдө Тикток жабылды
Кыргызстанда расмий түрдө Тикток жабылды
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына тыюу салды. Бул тууралуу аталган министрлик расмий билдирүү таратты.
Белгиленгендей, мындай чечим УКМКнын катынын негизинде кабыл алынган.
“Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөткөн. Чечимдин кабыл алынышына аталган кызмат тарабынан КРнын “Балдардын ден соолугуна, ошондой эле балдардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Мыйзамынын 2-1-беренесинин талаптарын аткарбагандыгы негиз болгон”, - деп айтылат маалыматта.