Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн эми 5 жылдык эмгек стаж талап кылынат
Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн мурда 20-25 жыл эмгек стаж талап кылынган болсо, эми 5 жылдык гана эмгек стаж талап кылынат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Президенттин жарлыгына ылайык, 2024-жылы пенсия эки этап менен көтөрүлгөн. 1-июлдан тарта пенсиянын төмөнкү бөлүгүн 3500 сомго, октябрдан тарта 6900 сомго жетти.
Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады.
“Мунун себеби, пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына жараша прапорционалдуу түрдө эсептелип, пенсиянын базалык бөлүгү аз болуп чыгып калчу”, — деп түшүндүрдү Соцфонддун башчысы.
Беш жылдык стажы жокторго эки миң сом өлчөмүндө карылык боюнча жөлөк пул төлөнөт. Карылык боюнча жөлөк пул мамлекет тарабынан Эмгек министрлигинин бюджетинен берилет.