"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Бишкек ШИИБи билдирди.

Маалыматта Султанбеков шайлоочулардын добушун сатып алууга айыпталгандыгы айтылат.

Милиция жалпысынан “Социал-демократтар” партиясынын 10 мүчөсүн (лидери Т. С., мүчөлөрү: К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р., А.Б.) суракка алып, анын ичинен К.И., Т.Р. жана Т.С. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизген.

“Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет”, — деп билдирди Бишкек ШИИБинен.

Буга чейин шаардык милиция "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козголгон.

09:58, 15-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар