Кытай компаниясы Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуу борборун курат
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги менен Кытайдын Inspur Yunzhou Industrial Internet Co., Ltd. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Документ санариптик технологиялар, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун куруу, булут чечимдерин, жасалма интеллектини жана өнөр жай интернетин киргизүү багыттарында кызматташууну өнүктүрүү ниетин бекемдейт.
"Министр Азамат Жамангулов жолугушууда Кыргызстан Кытайдын санариптик трансформация тажрыйбасын кызыгуу менен изилдеп, мыкты моделдерди улуттук шарттарга ылайыкташтырууга даяр экенин белгиледи. Өзгөчө көңүл өлкөнүн санариптик инфраструктурасынын стратегиялык элементи болуп, Борбор Азиядагы аймактык хабга айлана турган маалыматтарды иштеп чыгуу борборун куруу долбооруна бурулду", — деп айтылат кабарда.