Сейитбек уулу Мунарбектин машыктыруучусу Беганас Султанбаев үн катты
Париж олимпиадасында бокс боюнча Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Сейитбек уулу Мунарбектин машыктыруучусу Беганас Султанбаев соңку талкуулар боюнча социалдык тармакта билдирүү жазды.
Ассаламу алейкум урматтуу Кыргызстандыктар!!!
Баарыңыздарга чоң Рахмат урматтуу Кыргызстандыктар!!!
Мен жөнөкөй эле карапайым калктын ичинде жашаган машыктыруучумун.
Мен өз кесибимди жана өз Мекенимди жан дилим менен сүйгөн инсанмын десем жаңылышпайм!
Көп жылдардан бери көптөгөн чемпиондорду таптап өстүрүп, Кыргызстаныбыздын атын дүйнөгө таанытып келе жатам,жана келечекте да ошол ишимди жан дилим менен аткарып келе бере.
Мен Кыргызстандын элине терең ыраазычылыгымды билдирем!!!
Бааарыңыздарга чоң Рахмат!!!
Кече күндөн бери менин окуучум Сейитбек уулу Мунарбектин бокс боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыгышына кубанган видео аябай таркап кетип,мен ушул күндү 20 жылдан бери арзуу кылып келе жаткан күнүм орундалып жатат деп сүйүнгөнүмдөн ошондой эмоция менен,сүйүнүчтүн көз жашы менен коштолгон видео болуп калды.
Менин ичимде болгон кубанычымды сиздер тең бөлүшкөнүңөр үчүн сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем урматтуу Кыргызстадыктар!!!
Эми мен Парижге баруу жөнүндө баарыңыздар барсын деп жатасыздар мен да баргым келди,бирок Парижге жөн эле билет алып бара албайт экенсиң,виза алуу маселесинде жок дегенде бир жума убакыт кетет экен,билесиздер бир жумадан кийин Париж Олимпиадасы да бүтүп калат экен.
Биз мурдагы жылы Ташкентте болуп өткөн Дүйнө чемпионатында бокс боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан бери Тарыхта биринчи жолу 5 таймашуу өткөрүп коло медал утуп алганыбызда бизди кубандырып Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Камчыбек Ташиев биздин жеңишибизди куттукташып окуучум Сейитбек уулу Мунарбекке Ош шаарынан эки бөлмөлүү батирди белеке беришип мага да сыйлыктарын беришип бизге аябай чоң дем күч куубат беришип бизди аябай кубандырышкан!!!
Ошон үчүн Өлкө башчыбыз Садыр Жапаровко жана Генерал Камчыбек Ташиевге терең ыраазычылыгымды билдирем жана Рахматымды айтам!!!
Албетте мындай чоң иш чараларга Олимпиадага ар бир спортчунун жеке машыктыруучулары барышса жакшы болмок,себеби жеке машыктыруучу өзүнүн окуучусун беш колундай билген инсан болот!
Кайсыл жерде,жана кандай мезгилде окуучусуна эмнелерди айтуусу керектигин да билет,жана окуучусун бир көз караштан эле сезип жана түшүнүп турат!
Тилеке каршы кээде өзүңдүн окуучуңдун таймашуусун телевизордон көрүп олтурууга туура келет экен.
Бул маселени кийинчерээк Улуттук олимпиада комитети эске алат жана чечет деген ишеничтемин.
Анан да, мени менен сүйлөшпөй туруп,мени билип билбей туруп мени каралаганга да өтүп кетишиптир,аларга айтарым Сейитбек уулу Мунарбек менин окуучум,2004 жылдан бери машыктырып ушул күнгө жетип келдик, Альхамдулиллах!
Парижге кетип жатканда ак батамды берип узатканмын.
Мени менен сүйлөшпөй туруп мени жаман атты кылган адамдар силерге айтаарым Жараткан АЛЛАХ ыйман,ынсап берген болсун!
Биздин бокс федерациябыз да акыркы жылдары алгылыктуу иштерди кылууда,алар колдон келишинче мушкерлерге жардамын берип жатышат аларга чооң Рахматымды айтам!
Эми урматтуу Кыргызстандыктар
баарыбыз колдон келишинче Париж Олимпиадасында Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп жүргөн биздин спортчуларыбызга дуба кылып туруңуздар!!!
Биздин спортчуларыбызга Жараткан АЛЛАХ бекем,ыйман, чың ден соолук, ошондой эле Алтын, Күмүш,Коло медалдарды багындырып келүүсүн насип кылган болсун!!!