Чолпон-Атанын мурдагы мэри Көлбаевге 10млн сомдук жерди берген

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Б.И. (Бердибек Иманбеков) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Иманбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге Чолпон-Атадан баасы 10 млн сом болгон жерди берген деп шектелүүдө.

УКМК билдиргендей, Иманбековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ок атуучу куралдын ок-дарылары табылып алынган. Ал соттун чечими менен 1 айга камакка алынды.

Ошондой эле аталган иштин алкагында “Кадастр” мекемесинин Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн адиси М.Т. кармалган.

 

11:51, 12-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар