Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кыз парашюттан кулап кетти

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Алтын кум” пляжында эс алып жүргөн кыз парашюттан сууга кулап кетти. Бул тууралуу күбөлөр кабарлашты.

Видеодо айтылгандарга караганда, аттракцион иштеткендер окуяга күбө болгондорго телефонго видеого тартууга тоскоолдук кылышкан.

Ысык-Көл облустук милициясы окуя каттоого алынып, териштирүү башталганын жана кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Ысык-Көл районунун аймагында, көл жээгинде парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын 30-июлда өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирген.

Мындай чечим эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле Ысык-Көлдүн эс алуу аймактарында кээ бир суу транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, бүгүнкү күндө министрликтин сунушун эске алуу менен администрацияда каралууда.

12:00, 31-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар