Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды
Соттор кеңеши Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин карап, бир добуштан колдошту. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Конституциянын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, президент Соттор кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын дайындайт.
Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазып, аны Соттор кеңеши жана Жогорку Кеңеш карап, макулдугун берген.