Садыр Жапаров Бишкектен VIP -вагонго түшүп Балыкчыга сапар алды
Садыр Жапаров Бишкектен Балыкчыга поезддин VIP вагону менен кетип, жүргүнчүлөр менен сүйлөштү
Мамлекет башчысына "Кыргыз темир жолунун" башчысы "Балыкчы—Кочкор — Кара-Кече" темир жолунун курулушу тууралуу маалымат да берди. Анын айтымында, жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалууда.
Эске салсак, Жапаров бүгүн, 28-июлда, баш калаадагы Бишкек-2 темир жол бекетине да капыстан барып, андагы оңдоп-түздөө иштерин көргөн.