Таласта мөндүр жаап, эгин талаасына зыян келтирди

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 24-июнда саат 16:00 чамасында мөндүр аралаш жаан жааган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон жана 1-Май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин талааларына зыян келтирилген.

Ошондой эле Боо-Терек айылында каттуу шамалдан болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана район акими абалды жеринде көрүштү. Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзөт.

 

11:28, 25-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар