Мунарбек Сейитбек уулу баштаган боксчулар Кытайда машыгуу өткөрүүдө
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасынын мушкерлери Кытайдын Үрүмчү шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
19-март күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны 30-мартта жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
Анваржон Хожиев – 51 кг;
Санжай Сейдакматов, Зафарбек Камилов – 54 кг;
Тургунбек Иманкадыров, Ислам Төрөбаев – 57 кг;
Оомат Белекбаев, Мунарбек Сейитбек уулу, Омар Ливаза – 63,5 кг;
Элдар Турдубаев, Алмаз Орозбеков – 71 кг,
Өмүрбек Бекжигит уулу – 80 кг;
Бакыт Токтосун уулу – 92 кг;
Мырзакир Кошалиев – +92 кг;
Акыйкат Абаев – улук машыктыруучу:
Данияр Төлөгөн – уулу башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.