Ошто «Шрек» каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу чөйрөдө коңшу мамлекеттер менен баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурууга айыпталган «Шрек» каймана аты менен белгилүү баңгибарон кармалды.
29-апрелде Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыргызстандык жаран Я.М.М. кармалып, андан 1 кг салмактагы гашиш баңгизаты табылды. Кармалган жаран тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызматтын маалыматында, кармалган адам Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналары, баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөй турганы, кылмыштуу иштерин уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келгени айтылат.
Мындан тышкары, ал уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Орусиянын аймагында героин түрүндөгү маңзатты сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.