Садыр Жапаров Дмитрий Биволго Rolls-Royce Silver Wraith үлгүсүндөгү унаа белек кылды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Дмитрий Биволго Rolls-Royce Silver Wraith үлгүсүндөгү ретро автоунаа белек кылды.
Машинанын ачкычын спортчуга президенттин уулу Рустам тапшырган.
Carcheck маалыматына караганда, унаа 1977-жылы чыгарылган. Ал Кыргызстанда 2022-жылдын май айында каттоодон өткөн.