Ошто жоголгон келин Баткенден табылды

Ош шаарынан изделип жаткан келин Баткен шаарынан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Ош ШИИБ 2-апрель күнү Ош шаарынын убактылуу жашоочусу 61 жаштагы жаран анын 33 жаштагы кызы жашаган үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылгандыгына байланыштуу багыттама берип, издөө иштери жүрүп жаткандыгы маалым болгон.
 
Баткен ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 33 жаштагы жаранды Баткен шаарынан 4-апрель күнү таап, Ош ШИИБге кабарлама берилди. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
09:41, 05-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар