"Унаа" айдоочулук күбөлүккө экзамен тапшыруучулар үчүн 30 машина сатып алды
Айдоочулук күбөлүккө экзамен тапшыруу үчүн 30 жаңы автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен ("Унаа") билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакында автокөлүктөр аймактардагы бөлүмдөргө дагы жөнөтүлөт.
"Жаңы автомобилдер бардык талаптарга дал келип, күбөлүктү алуу үчүн талапкерлерди аттестациялоонун жүрүшүндө колдонулат. Мунун натыйжасында сынакты тапшырып жаткан адамдар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, калыс баа берүү мүмкүндүгүн жакшыртат", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме жаңы машиналар коопсуз жана ыңгайлуу экенин кошумчалаган.