Садыр Жапаров Антониу Гутерришке комуз белек кылды (сүрөт)

 

Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды. Комуз түрүндө курулган пирсте аларга улуттук кийимчен комузчулар фольклордук музыканы аткарып беришти.

Андан соң президент БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке улуттук аспап комузду тартуу кылды.

Антониу Гутерриш Кыргызстанга 1-июлда келди, 3-июлга чейин болот. Андан ары ал Астанага (Казакстан) барат. БУУнун баш катчысы Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарын Өзбекстандан баштады.

16:16, 02-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар