Кыргызстан Кытай менен виза, экстрадиция маселелерин сүйлөштү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Кытайдын Циндао шаарына иш сапары менен барып, коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

Талкууда эки мамлекеттин ортосундагы визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселеси көтөрүлдү. Тараптар мындай кадам туризм, бизнес жана маданий байланыштар үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Мындан тышкары эки өлкөнүн жарандарынын, ишкерлеринин укугун, кызыкчылыктарын коргоо да каралды. Натыйжада жарандардын жана ишкерлердин ишмердигинде калыстыкты, мыйзамдуулукту камсыздап берүү макулдашылды.

Аны менен катар соттолгондорду которуу сүйлөшүлдү. Кыргызстандын өкүлдөрү Кытайдын абактарында отурган жарандарын өз өлкөсүнө кайтарып берүүнү өтүнүштү. Бул маселеде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Кытайдын Юстиция министрлигинин ортосунда кызматташтыкты камсыздоо зарыл экени айтылды.

09:56, 20-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар