Кыргызстандын мектептерине "Евразия лицейи" программасынын алкагында дагы 30 орусиялык жаш мугалим жөнөтүлдү. (Сүрөт)
АНО "Евразия" Кыргыз Республикасында эл аралык билим берүү долбоорун улантууда
“Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда “Евразия лицейи” эл аралык билим берүү долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул жолу Кыргызстандагы мектептерге Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинен (БМПУ) дагы 30 орус мугалими жөнөтүлдү.
Үч ай бою алар профилдик предметтерди орус тилинде окутуп, сабактан тышкаркы иштерге көмөк көрсөтүп, кесиптик багыт берүү иш-чараларын өткөрүшөт.
“Бул Кыргызстан менен Россиянын жалпы маданий жана билим берүү мейкиндигин түзүүдө маанилүү кадам. Орус тили, адабияты, маданияты жана биздин жалпы тарых Кыргызстанда абдан чоң суроо-талапка ээ. Кыргызстандын жаштары өз келечегин Россия менен байланыштырып жаткандыктан, аларды бул жолдо колдоо биз үчүн абдан маанилүү”, — деп билдирди Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, АНО «Евразия» кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.
Бул мугалимдердин экинчи тобу болуп эсептелет. Биринчи топ 2024-жылдын декабрь айынан бери республикадагы мектептерде иштеп келет.
Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинин «Изилдөөчү долбоордук ишмердүүлүк» багыты боюнча студенти Ильнур Камаев Бишкектеги Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында информатика сабагынан сабак берет.
“Мен Башкортостан Республикасынан келдим, башка өлкөгө көнүү күтүлгөндөн да жеңил болду. Бул мектепте мугалимдердин кесипкөйлүк деңгээли жогору, алардын окуучулар жана ата-энелер менен иштөө жөндөмү мага жаш адис катары чоң тажрыйба берүүдө. Окуучулар абдан таланттуу, жаңы билимди бат сиңирип алышат. Менин миссиям – Россиядагы билим берүү программасын окуучуларга үйрөтүү. “Евразия лицейи” долбоору Кыргызстандын мугалимдери менен билим жана окутуу ыкмалары менен алмашууга мүмкүнчүлүк берип, КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү процесстерин тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Мен бул тармактын өнүгүшүнө жана келечектеги чакырыктарга даярдык көрүүгө өз салымымды кошом деп ишенем”, — деди Ильнур Камаев.
Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын директору Анара Абдураимова орус мугалимдеринин келиши кыргызстандык окуучулар үчүн чоң билим булагы экенин белгиледи.
“Россиядан келген тажрыйбалуу мугалимдер менен кызматташуу билим берүү процессин байытып гана тим болбостон, эки өлкөнүн маданий алмашуусуна да шарт түзөт. Бул тажрыйба Кыргызстандагы билим берүү системасын андан ары өнүктүрүүнүн пайдубалы болот”, — деди ал.
“Евразия лицейи” программасынын алкагында коммерциялык эмес уюм республикага 100 заманбап мектеп автобусун тапшырды. Алдыдагы пландарга Бишкектеги №27 жана Кызыл-Кыя шаарындагы Д. Карбышев атындагы №1 мектептерин оңдоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо кирет.
“Евразия лицейи” долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мектептерди системалуу түрдө колдоого алып, жергиликтүү маданий жана тарыхый өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ишке ашырылат. Орус тилинде сабак берген мугалимдердин жетишсиздигин жоюу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу негизги милдеттерден болуп саналат. Долбоор Евразия континентинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган. Ал мектептердин тармагын түзүүнү, каржылык жана инфраструктуралык колдоону, мугалимдер үчүн стажировкаларды уюштурууну жана башка иштерди камтыйт.
Бул коммерциялык эмес уюм ар кандай кесиптин жана улуттун өкүлдөрүн бириктирип, евразиялык кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшөт. Өткөн жылы “Евразия” программаларына постсоветтик мейкиндиктеги ондон ашык өлкөдөн 15 миңден ашуун адам катышкан.
АНО “Евразия” — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшкөн автономдуу коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Уюм салттуу баалуулуктарды сактоого жана этностор аралык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат. «Евразия» социалдык маанилүү демилгелерди колдоп, ар түрдүү маданияттагы адамдардын баарлашуусуна шарт түзөт. Ошондой эле, билим берүү, медицина, жаштардын тажрыйба алмашуусу боюнча долбоорлорду өнүктүрөт. Негизги багыттардын бири – окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун катарына билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, мамлекеттик ири компанияларда стажировка өтүү, медиамектептер кирет. Ошондой эле, “Евразия” долбоору мектеп жана жогорку окуу жай мугалимдери үчүн кесиптик аянтчаларды жана форумдарды, журналисттер менен блогерлер үчүн гранттарды, тарых менен маданиятты сактоо боюнча долбоорлорду колдоого алат.