ӨКМге 71 млн. долларга эки тик учак алуу пландалууда
ӨКМге 71 миллион долларга эки тик учак алуу пландалууда. Бул тууралуу министрдин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.
Анын айтымында, техника издөө-куткаруу иштерине багытталат.
"71 миллион долларга эки тик учак алуу пландалууда. ӨКМге буга чейин үч тик учак алынган. Алар — төрт, алты адам баткан жана Россия тарабынан берилген МИ-8 тик учактары. Эми Кореядан чыккан KUH-1 тик учагын жабдыктары менен чогуу алып жатабыз. Ал түндө, начар аба ырайында, тоолуу аймактарга дагы уча алат. 2,5 тоннага чейин жүк жеткирип, өрткө каршы суу ташыган челеги болот", — деди Кулматов.
Ал мындай тик учак учурда Кыргызстанда жок экенин белгиледи.