“Альянс Алтын” алтын өндүрүү боюнча жаңы рекорд койду

                                                 

“Альянс Алтын”  ЖЧКсы 2023-жылы жогорку жыйынтыктарга жетип, алтын өндүрүү боюнча жаңы рекорд койду. Жылдын аягына чейин Таластагы алтын кен комбинатында 4,4 миң килограмм баалуу металл эритилген. Заманбап жабдууларды колдонуунун жана кызматкерлерди активдүү окутуунун артында ишкана жумушчулардын коопсуздугун, өндүрүштүн жогорку деңгээлин камсыздай алды.

“Альянс Алтын” компаниясы өз ишин баштаган алгачкы күндөн тартып, 2023-жылдын декабрь айына чейин Кыргызстандын бюджетине 15 миллиард 42 миллион сом салык төлөгөн.

Мындан тышкары, компания жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тейлөөгө үзгүлтүксүз каражат бөлүп, инвестициялык жана социалдык долбоорлор аркылуу Талас облусунун жана бүткүл өлкөнүн экономикасын стимулдаштырат.

“Альянс Алтын” экологияга жогорку деңгээлде көңүл буруп, калдык сактоочу жайдын экинчи этабын куруп, аймактагы биоартүрдүүлүктү сактоонун үстүндө иш алып барууда.

Албетте, “Альянс Алтында” иштеген эмгек жамааттын басымдуу бөлүгү Талас облусунун жергиликтүү тургундары. Компания өзүнүн кызматкерлерин ар тараптуу өнүктүрүүгө, окутууга жигердүү көңүл бурат.

2023-жылдын январь-декабрында дээрлик ар бир кызматкер Жерүйдө жана беш башка багыт боюнча милдеттүү түрдө кайталанган билим сынагынан өткөн.

Мындан тышкары, 605 кызматкер милдеттүү окуудан өтүп, 174 кызматкер квалификациясын жогорулатты, 115 кызматкер биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүштү, 17 кызматкер практикадан өттү, 15 кызматкер ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча атайын окуу курсун аяктады.

18:34, 15-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар