Бишкекте жоголгон үч бир тууган балдар табылды

Эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан үч бир тууган балдар: 15 жаштагы Раяна Марукова менен 11 жаштагы эгиздер Исабек жана Мусабек Маруков табылды. Бул тууралуу Бишкектин милициясы кабарлады.

Балдар туугандарынын үйүнөн табылганы кабарланууда

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы мурдараак кабарлагандай, 24-февраль күнү балдардын атасы Б. А. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып, үч тестиер балдары дайынсыз болуп жатканын билдирген.

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар