DemirBank санкцияга кабылган Керемет Банкка акча которууларды токтотту

DemirBank бүгүн, 31-январдан тарта Керемет Банккачет элдик жана улуттук валютада төлөм жүргүзүүнү жана акча которууну токтотту. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Эми DemirBank’тын кардарлары Керемет Банктын кардарларына төлөм жана акча которуу жасай албайт, ошондой эле алардан төлөм алып, акча котортууга болбойт.

Эскерте кетсек, январдын ортосунда АКШнын Каржы министрлиги Керемет Банкка санкция салган. Ага банктын Россиянын Промсвязьбанкына санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнү себеп болгону айтылган. Ошондой эле былтыр банктын 75%ын сатып алган чет элдик компания россиялык олиграх менен байланышы бар экени кабарланган.

Керемет Банк алардын санкцияга кабылганы ишине таасир этпей турганын, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин толук кандуу арката берерин билдирген.

Ошондой эле АКШнын Каржы министрлигине аталган чечим боюнча даттануу жөнөткөнүн кабарлаган.

10:50, 31-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар