Криминал менен бизнес жасаган ишкерлер жазага тартылат. УКМК жана ИИМ ишкерлерге кайрылды

Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарга кайрылып, криминалдык топтор менен биргеликте бизнес жасаган адамдар мыйзам чегинде жазаланарын эскертти.

"Ишкерлерден, ресторан, завод-фабрика ээлеринен криминал "дань" сурап келе турган болсо, дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп тамыры менен жок кылабыз!" — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле мындан ары Кыргызстанда "криминалдык топ" деген түшүнүк болбой тургандыгы айтылган.

Байланыша турган телефондор:

УКМК 0312 66-04-75, 62-65-04.

Атайын кызматтын аймактык башкармачылыктары:

Чүй облусу — (0312) 54-07-19;

Жалал-Абад облусу — (03722) 5-60-49;

Ош облусу — (03222) 2-30-78;

Ысык-Көл облусу — (03922) 5-11-80;

Талас облусу — (03422) 5-20-43;

Нарын облусу — (03522) 5-08-49;

Баткен облусу — (03622) 5-00-33.

09:59, 16-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар